Немец диетологдору ачкарын жегенге болбой турган азыктарды атады

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүАял дүкөндө жемиштерди тандап турат. Архив
Аял дүкөндө жемиштерди тандап турат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер чийки жемиштерди ачкарын жегенден карманууга чакырат. Алар витаминдерге бай келгендиктен сиңирүү оор болуп калат.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Эртең мененки тамактануу ден соолук үчүн маанилүү, ошондуктан адистер айрым азыктарды ачкарын жеген ден соолукка зыян экенин эскертишет. Бул тууралуу немец диетологдору Fit For Fun порталына курган маегинде билдиргенин РИА Новости жазды.

Адистер ачкарын чийки жемиштерди жегенден карманууга чакырат. Алар витаминдерге жана минералдарга бай болгондуктан организм аны сиңириши кыйын болуп, ашказанга зыян келиши мүмкүн.

Эртең мененки тамактын курамында эмне болушу зарыл. Адистин кеңеши

Мындан сырткары, диетолог-дарыгерлер йогурт азыгын ачка жеген зыяндуу экенин айтышат. Анткени ал сиңүү учурунда ичеги-карынга жеткенге чейин эле өзүнүн пайдалуу заттарынын бир бөлүгүн жоготот. Ошондуктан аны күчтүү тамак жегенден бир жарым, эки саат өткөндөн кийин же уктоо алдында жегенди диетологдор сунуш кылышат.

Цитрус жемиштерин да ачкарын жеген зыяндуу. Апельсин, мандарин жана грейпфруттар ашказанда зарна пайда кылышы мүмкүн. Жемиштерден бананды да алып салуу зарыл. Анткени ал кандагы канттын деңгээлин кескин жогорулатып жиберет.

Жаңылыктар түрмөгү
0