Жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКыз парктта кол чатыр менен бара жатат. Архив
Кыз парктта кол чатыр менен бара жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
23-октябрга караган түнү кээ бир өрөөндөрдө жана тоо этектеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Жума күнү, 23-октябрда, көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондорго кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй, Талас өрөөндөрүндө, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы мүмкүн. Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +3…+8 градус, Таласта +2…+7 градус, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +5…+10 градус, Ысык-Көл жана Нарын аймактарында 0…+5 градус болору айтылды.

Бишкек жана Ош шаарларында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, борбор калаада карга айланышы ыктымал. Күндүн табы Бишкекте +6…+8 градус, Ош шаарында +13…+15 градуска чейин жетет.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0