"Бактылуу" датада баш кошкон жубайлар. Статистика

© Sputnik / Евгений БиятовҮйлөнүү үлпөтү. Архив
Үйлөнүү үлпөтү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаарындагы Бакыт үйүндө 2020-жылдын 10-октябрында 75 түгөй никесин каттаткан. Ушул эле жылдын 20-октябрында 41 жубай никеге турганы айтылды.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматы "бактылуу" датада баш кошкон жубайлардын статистикасын жарыялады.

Ага ылайык, 2020-жылдын 10-октябрында (10.10.2020) Кыргызстанда 92 жубай баш кошкон. Ал эми 20-октябрда (20.10.2020) 222 түгөй никеге турган.

2019-жылдын 19-октябрында (19.10.2019) 62 жубай бирге түтүн булатып баштаганы маалым болду.

Бишкек шаарындагы Бакыт үйүндө 2020-жылдын 10-октябрында 75 түгөй никесин каттаткан. Ушул эле жылдын 20-октябрында 41 жубай никеге турганы айтылды.

Ал эми Тоголок Молдо — Фрунзе көчөсүндө жайгашкан Бакыт үйүндө 10 түгөй расмий никеге турган.

Шаарга караганда айылда ажырашкандардын саны аз. Нике статистикасы

Бакыт үйү 53 жылдын ичинде 1 миллион 832 миң 379 жубайдын никесин каттоого алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0