Бишкекте жакынкы мүнөттөрдө катуу шамал болот. Сак болуңуз!

Жазылуу
Мэрия автоунааларды дарактардын жана жеңил конструкция менен курулган объектилердин жанына токтотпоого чакырат.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэриясы жакынкы мүнөттөрдө калаада катуу шамал боло турганын эскертти.

Маалыматка ылыйык, бир сааттан кийин жана күн бою батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет.

Мындан улам мэрия автоунааларды дарактардын жана жеңил конструкция менен курулган объектилердин жанына токтотпоого чакырат.

Адаттагыдан суук болот. Ноябрга карата аба ырайы

Ал эми кулап калган дарактарды көргөндөр болсо "Бишкек жашыл чарба" ишканасына 0770 830006 телефон номери аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0