Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Вице-премьер колго түшкөн Райым Матраимовдун ишине комментарий берди

© Sputnik / Жоомарт УраимовОнлайн-брифинг вице-премьер-министра Максата Мамытканова в пресс-центре Sputnik Кыргызстан
Онлайн-брифинг вице-премьер-министра Максата Мамытканова в пресс-центре Sputnik Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ, 20-октябрда, Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райым Матраимов кармалып, сот анын баш коргоо чарасын караган.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Вице-премьер Максат Мамытканов Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райым Матраимовдун кармалышы жана ага карата кабыл алынган баш коргоо чарасы тууралуу комментарий берди. Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн брифингде сүйлөдү.

Журналисттер Мамыткановго Токмокто дарыканадан дары уурдап камалган жаранды мисал келтирип, экс-бажычы Матраимовго карата кабыл алынган бөгөт чарасынын акыйкаттыгы тууралуу суроо узатышкан.

Вице-премьердин айтымында, Матраимов жаңы паспорт алганы тууралуу маалымат чыккандан кийин ыкчам кызматка аны колго түшүрүү тапшырмасы коюлган.

"Матраимов боюнча иликтөө иштери аягына чыга элек, бардык иш-чаралар сотко чейинки териштирүүнүн алкагында жүргүзүлүүдө. Мыйзам ага карата тил кат менен бошотуу боюнча баш коргоо чарасын кабыл алууга жол берет. Тергөөнүн ишине көрсөтмө берүү туура эмес. Ошол эле маалда ар бир жаран жашоо шартына карабастан текшерилерин жана бардык фактылар караларын коомчулукка жеткиришибиз керек", — деди ал.

Башкы прокуратура: Атамбаев, Шадиев сыяктуулар өлкөгө 13,6 млрд. сом зыян келтирген

Вице-премьер учурда укук коргоо органдарынын иштөөсүнө мүмкүнчүлүк берүү зарылдыгын белгиледи.

"Эгер Матраимов боюнча дагы башка фактылар болсо, жарандар кайрылышсын. Күч органдары иликтешет. Биздин максат — тергөө органдарына сырткы таасирлердин тийбешине шарт түзүү. Ошондо гана биз реформанын жолуна түшөбүз", — деп кошумчалады Мамытканов.

Эске салсак, парламент 14-октябрда Садыр Жапаров башында турган өкмөттүн курамын бекиткен. Анда Максат Мамытканов вице-премьерлик кызматты ээлеген.

Кечээ, 20-октябрда, Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райым Матраимов кармалып, сот анын баш коргоо чарасын караган.

Жаңылыктар түрмөгү
0