Түлеевдин кызматка келишине нааразы болгондор мэрия алдына чогулду. Сүрөт

© © SputnikАкция протеста против и.о. мэра Бишкека Наримана Тюлеева
Акция протеста против и.о. мэра Бишкека Наримана Тюлеева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир нече мүнөт мурда Нариман Түлеев чогулгандар менен жолугуп, Садыр Жапаровго кездеше турганын айтты. Ал анын дарегине айтылып жаткан сын-пикирдин баарын уккан.

БИШКЕК, 21-окт.— Sputnik. Бишкек шаардык мэриянын имаратынын алдына Нариман Түлеевдин шаар башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалышына нааразы болгондор чогулду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдирди.

Имарат алдына чогулгандардын айрымдары мэриянын ичине кирип, Түлеев менен сүйлөшүү жүргүзүүгө аракет кылышты. Бирок андан жыйынтык чыккан жок.

Мэриянын алдына 100дөй киши чогулган.

© © SputnikБишкек шаардык мэриянын имаратынын алдына Нариман Түлеевдин шаар башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалышына нааразы болгондор чогулду
Бишкек шаардык мэриянын имаратынын алдына Нариман Түлеевдин шаар башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалышына нааразы болгондор чогулду - Sputnik Кыргызстан
1/3
Бишкек шаардык мэриянын имаратынын алдына Нариман Түлеевдин шаар башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалышына нааразы болгондор чогулду
© © SputnikИмарат алдына чогулгандардын айрымдары мэриянын ичине кирип, Түлеев менен сүйлөшүү жүргүзүүгө аракет кылышты.
Имарат алдына чогулгандардын айрымдары мэриянын ичине кирип, Түлеев менен сүйлөшүү жүргүзүүгө аракет кылышты. - Sputnik Кыргызстан
2/3
Имарат алдына чогулгандардын айрымдары мэриянын ичине кирип, Түлеев менен сүйлөшүү жүргүзүүгө аракет кылышты.
© © SputnikМэриянын алдына 100дөй киши чогулган.
Мэриянын алдына 100дөй киши чогулган. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Мэриянын алдына 100дөй киши чогулган.
1/3
Бишкек шаардык мэриянын имаратынын алдына Нариман Түлеевдин шаар башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалышына нааразы болгондор чогулду
2/3
Имарат алдына чогулгандардын айрымдары мэриянын ичине кирип, Түлеев менен сүйлөшүү жүргүзүүгө аракет кылышты.
3/3
Мэриянын алдына 100дөй киши чогулган.

Чогулгандардын көбү Түлеевдин мэрдин милдетин аткаруучу болуп келишин мыйзамсыз деп эсептешет.

"Мэрдин милдетин аткара турчу адамды шаардык кеңеш же Садыр Жапаров дайындашы керек.

Эгер Түлеев шаарга жардам бергиси келсе, анда коомдук башталгычтагы кеңешчи боло берсин", — дешти чогулгандар.

Түлеев: чынын айтсам, мэрияга баргым келген эмес

Бир нече мүнөт мурда Түлеев чогулгандар менен жолугуп, президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаровго кездеше турганын билдирди. Ал өзүнүн дарегине айтылып жаткан сын-пикирдин баарын уккан.

Түлеевдин тарапташтары нааразы болгондорго кайрылып, мэрдин милдетин аткара турган адамга убакыт жана мүмкүнчүлүк берүүнү суранышты. Алардын айтымында, кыш жакындап калгандыктан шаарды жылуулук сезонуна даярдаш керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0