Бишкектин сквериндеги пианинону кайрадан сындырып кетишти. Видео

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүКиши пианинодо ойноп жатат. Архив
Киши пианинодо ойноп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Музыкалык аспапты бир ай мурда дагы сындырып коюшкан. Анда күнөөкөрдү "Бишкек жашыл чарба" ишканасынын кызматкерлери жеринен кармашкан.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Ордо калаадагы "Театралдык" сквериндеги пианинону кайрадан сындырып кетишти. Бул тууралуу "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасынын маалымат катчысы Аида Айдаралиева билдирди.

Анда пианинонун жыгачтары сындырылганын жана баскычтары жакшы иштебей жатканын байкоого болот. Кызматкерлер келгенде музыкалык аспап жерде жаткан.

Бишкек мэриясы башаламандыктын айынан 17 млн. сом чыгым тартты

Эске сала кетсек, бул пианинону бир ай мурда дагы сындырып кетишкен. Аны бүлүндүргөндөр ошол эле жерден "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан кармалган. Күнөөкөрлөр жаңысын сатып берүүнү убадалап, кийинчерээк сөзүнө турушкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0