Вирусолог COVID-19га каршы вакцина жардам бере албай турган адамдардын тобун атады

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүБейтапка коронавируска каршы вакцина колдонуп жатат. Архив
Бейтапка коронавируска каршы вакцина колдонуп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия биринчилерден болуп коронавируска каршы вакцина иштеп чыккан. Препаратты эл массалык түрдө ноябрь айынан тарта ала баштаары айтылууда.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Коронавируска каршы вакцина адамдардын баарына эле жардам бере албайт. Анткени айрым кишилердин организми антитело иштеп чыга албайт. Мындай пикирин РИА Новости агенттигине медицина илимдеринин доктору, вирусолог Анатолий Альтштейн билдирди.

Анын айтымында, мындай көйгөй иммунитет тартыштыгы бар адамдарда жаралышы мүмкүн.

"Антителону бөлүп чыгаруу адамдын жаш курагына, ден соолугунун учурдагы абалына, терс адаттарынын бар же жогуна карабайт. Бул жерде организмдин биз биле бербеген өзгөчөлүктөрү роль ойнойт. Ага ошол эле иммунитет тартыштыгы дагы кирет", — деди дагырер.

Эске салсак, Россия биринчилерден болуп коронавируска каршы вакцина иштеп чыккан. Препаратты эл массалык түрдө ноябрь айынан тарта ала баштаары айтылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0