Министрлик: коронавирустан сакайган 7 кишиден кайра оорунун белгиси байкалды

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүКоронавируска тапшырылган кан үлгүлөр. Архив
Коронавируска тапшырылган кан үлгүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда вирустун кайрадан жуккан учурлары 90 күндүн ичинде бөлүнүп чыккан антителолор болушу мүмкүн.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Бишкекте оорудан айыгып чыккандардын арасынан коронавирустун белгилери экинчи жолу байкалган жети учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда вирустун кайрадан жуккан учурлары 90 күндүн ичинде бөлүнүп чыккан антителолор болушу мүмкүн.

"Биз азырынча 90 күнгө чейин сакталган вирус тууралуу айта алабыз. Бул жетишсиз реабилитациялоонун кесепети болушу мүмкүн. Мындан улам алар лабораториялык изилдөөдөн кайрадан өтүшү зарыл ", — деди Үсөнбаев.

Адис: коронавирустун антителосуна тест тапшыруу жөн гана акчаны сорот

Акыркы маалыматтар боюнча, өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 52 910го жетти. Анын ичинен 46 139 бейтап айыкса, 1 113 адам оорудан көз жумду.

Жаңылыктар түрмөгү
0