Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековМамлекеттик Ала-Арча жаратылыш паркы
Мамлекеттик Ала-Арча жаратылыш паркы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Синоптиктер шаршембиге караган түнү жаан-чачын күтүлбөй турганын маалымдашты. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Шаршемби күнү, 21-октябрда, күндүз өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Талас аймактарында +20...+25, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +21...+26, Ысык-Көл менен Нарын жергесинде +14...+19 градус жылыйт.

Чоң Алайда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө болду

Күндүн табы Бишкекте +23...+25 жана Ош шаарында +24...+26 градуска чейин көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0