Октябрда коронавируска кабылган балдардын саны үч эсеге өстү

© Sputnik / Мурад Оруджев / Медиабанкка өтүүМедайым баланын температурасын текшерип турат
Медайым баланын температурасын текшерип турат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Октябрда коронавирус жуктурган балдардын саны бир топ өскөн. Мындан улам Саламаттык сактоо министрлиги мектептерде биринчи чейректи онлайн-режимде аяктоо чечимине токтолгон.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Сентябрда өлкө боюнча мектеп жашындагы балдар арасында коронавирустун 34, пневмониянын 14 учуру катталган. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Билдирмеге караганда, октябрда бул сан үч эсеге өскөн. Тагыраагы, 110 тестиерден коронавирус аныкталса, тогуз баланын пневмонияга кабылганы тастыкталган.

Оору күч алып жаткандыгына байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги мектептерде биринчи чейректи онлайн-режимде аяктоо чечимине токтолгон. Экинчи чейректе окуу тартиби боюнча кошумча маалымат бериле турганы айтылды.

Баткенде көп. Бир суткада 384 кишиден коронавирус чыкты

Акыркы маалыматтар боюнча, өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 52 910го жетти. Анын ичинен 46 139 бейтап айыкса, 1 113 адам оорудан көз жумду.

Жаңылыктар түрмөгү
0