Оштогу окуя: шектүүнүн өлүмүнөн соң подполковник менен үч капитан иштен кетти

Жазылуу
Иштен кеткендер органга жаңы келген эмес, бир топ иштеп калган кызматкерлер экени айтылган. Алардын бири — полковник, бири — милициянын майору, калган үчөө милициянын капитаны экендиги маалым болду.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Ош ОИИБдин Криминалдык милиция кызматынын подполковник баштаган төрт кызматкери, Кара-Суу РИИБдин бир капитаны ишине салкын мамиле жасап, шектүүнү Тергөө кызматына алып келгенде каза болуп калганы үчүн иштен бошотулду. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматта ал беш кызматкердин бири — полковник, бири — милициянын майору, калган үчөө милициянын капитаны экендиги айтылган.

Эске салсак, Ош облустук ички иштер башкармалыгына алып келинген шектүү эс-учун жоготуп, милиция кызматкерлери Ош шаардык Тез жардам кызматына жеткирген. Бирок киши өзүнө келе албай, ооруканада каза болгон. Бул окуя коомчулукта нааразычылык жаратып, социалдык тармактарда маалыматтар тараган.

Бишкекте эки милиционерге бычак кезеген кишини ок чыгарып кармашты. Видео

Шектүүнү кармоо Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылында бейтааныш адамдар тапанча менен коркутуп, 4 миллион 230 миң сомун карактап кетти деген 21 жаштагы жарандын арызынан улам башталган.

Бирок тергөөгө алып келүү үчүн барышканда 26 жаштагы К. уулу М. күч кызматкерлерине куралдуу каршылык көрсөтүүгө аракет жасап, жанынан "Форт-12РМ" үлгүсүндөгү курал жана төрт ок табылган.

"Аталган жагдай боюнча ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан жүргүзүлгѳн иликтѳѳнүн жыйынтыгында органдын жогоруда айтылган өкүлдөрү кызматтык милдеттерин аткарууга кѳӊүл кош, салкын мамиле жасашканы анык болду. Тергѳѳчүнүн атайын тапшырмасынын негизинде ачылган сотко чейинки өндүрүштөгү жазык иши боюнча шектүү катарында кармалган К. уулу М. аттуу жаранды Ош облустук милициясынын 2-имаратына алып келерге чейин аны медициналык мекемелерден кароодон ѳткѳрүшкөн эмес. Аны алып келишкендигин атуулдарды каттоо журналына жаздыртпастан, ошол эле учурда Ош ОИИБдин жетекчилигине билдиришпестен иш алып барышкан. К. уулу М. эсин жоготкон учурда ага жеткиликтүү медициналык жардам кѳрсѳтѳ алышпай, мунун кесепетинен шектүүнүн Ош шаардык Тез жардам борборунда каза болушуна жол беришкен", — деп айтылган таратылган билдирүүдө.

Акыйкатчы: милиционерлер шектүүлөрдү кыйнаганын улантууда

Маалыматта мындай аракеттери менен алар коомчулукта жалпы ички иштер органдарынын кызматкерлеринин дарегине негиздүү сын-пикирлердин жаралышына шарт түздү деп айтылат.

"Ал беш кызматкер ээлеген кызматынан тѳмѳндѳтүү менен бошотулду. Андан ары Ички иштер органдарынын катарында калуу маселеси УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан тергелип жаткан сотко чейинки ѳндүрүш ишинин жыйынтыгы менен карала турган болду", — деп айтылган маалыматта.

Аны менен катар эле Криминалдык милиция кызматынын (КМК) начальнигинин орун басарынын милдетин аткарып жаткан учурда подполковник М.Ж.га "кызматка толук эмес ылайыктыгы жѳнүндѳ эскертүү" тартиптик жазасы жарыяланган. Ага ѳздүк курамынын ишмердүүлүгүн жеткиликтүү деңгээлде уюштурбастан, кол алдындагыларды тийиштүү деӊгээлде көзөмөлдөбөгөндүгү себепкер болгондугу айтылган.

Маркум кандай жагдайларда каза болгондугун аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Маалыматка караганда, анын жакындары милицияга да, экспертизанын жыйынтыктарына да ишенбей, мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүн айтышкан. Буга кошумча, тергөөдөн иштин калыс каралышын талап кылышууда. 

Жаңылыктар түрмөгү
0