Финпол: тез жардам унааларын 1 млн. долларга кымбат алгандарга иш козголду

Жазылуу
Учурда факты изилденип, кылмыштуу ишке тийиштиги бар башка дагы аткаминерлерди аныктоо аракети жүрүп жатат.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигинин жооптуу кызматтагы адамдары Тез жардам кызматынын унааларын жогорулатылган баада сатып алышканы аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, мамлекеттик бюджет жалпы жонунан 1 миллион доллар зыян тарткан. Буга байланыштуу кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

"Тергөө амалдары учурунда министрликтин жооптуу кызматкерлери 13 тез жардам унаасын жогорулатылган баада сатып алышканы аныкталды", — деп айтылат маалыматта.

Учурда факты изилденип, кылмыштуу ишке тийиштиги бар башка дагы аткаминерлерди аныктоо аракети жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0