Шайиста Шатманова ЭлТР каналына башкы директор болуп дайындалды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЭлТР мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директору болуп дайындалган Шайиста Шатманова
ЭлТР мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директору болуп дайындалган Шайиста Шатманова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилей кетсек, Шатманова "Супер инфо" гезитинин башкы редактору, кийин басылманын жетекчиси болуп иштеген.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. ЭлТР мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директорлугуна Шайиста Шатманова дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койду.

Буга чейин аталган телеканалды Керимбек Калыкулов башкарчу. Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун жарлыгы менен ал ээлеген ордунан бошотулду.

Белгилей кетсек, Шатманова "Супер инфо" гезитинин башкы редактору, кийин басылманын жетекчиси болуп иштеген.

Сүйүнбек Касмамбетов президенттик аппараттын жетекчиси болуп дайындалды

Кийин ал кызматынан кетип, Социал-демократтар саясий партиясынын атынан парламенттик шайлоого катышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0