12:58 26 Жетинин айы 2020
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR100.9883
  • RUB1.1236
Коом
Кыскача шилтеме алуу
262 0 0

Көпүрө кырсыгынан жабыркаган мекендештердин 29у ооруканага жаткырылган. Учурда 28 бейтап чыгып, ооруканада бирөө эле калганы айтылды.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Подмосковьедеги ишканада көпүрө урап жабыркаган 139 кыргызстандыкка кенемте төлөнүп берилди. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, 27-сентябрь күнү Россиянын Москва облусундагы "FM LOGISTIC" (кампа комплекси) логистикалык ишканасында жөө адамдар өтүүчү көпүрө урап, андан 51 кыргыз жараны жабыркаган.

Элчиликтин вице-консулу Алмаш Алтымышеванын айтымында, көпүрө ураган күнү ишканада 160 мекендеш иштеп жаткан. Анын ичинен учурда 139у компенсация алды. Дагы 11 кыргызстандыктын документи каралып жатат.

"Жабыркаган мекендештердин 29у ооруканага жаткырылган. Алардын айрымдары айыгып, кээ бири амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн. Бейтаптардын ичинен 24 жаштагы Ч.К. аттуу жарандын мээсине кан кетип, катуу жабыркаган. Ага операция ийгиликтүү жасалып, амбулатордук дарыланууга чыгарылды. Учурда ооруканада бир жаран калды", — деди Алтымышева.

Кырсыктан жабыркагандардын ичинен үч мекендешке операция жасалган.

Россияда кыргызстандыктар жабыркаган кырсыктын болжолдуу себеби айтылды

Бул боюнча РФтин Кылмыш-жаза кодексинин 143-беренесинин 1-бөлүгү ("Эмгекти коргоо талаптарын бузуу, этиятсыздыктын кесепетинен адамдардын ден соолугуна оор зыян келтирүү") боюнча кылмыш ишин козгоо чечими кабыл алынган

Учурда тергөө иштери уланып жатат.

Тема боюнча

Москвада көпүрө кырсыгында жабыркаган кыргызстандыктардын абалы айтылды. Сүрөт
Элчилик: компания көпүрө урап жабыркаган КР жарандарынын бүт чыгымын төлөйт
Белгилер:
ден соолук, кырсык, компенсация, мекендештер, Москва

ЭҢ МААНИЛҮҮ