Президенттик шайлоону Жогорку Кеңеш качан дайындашы керек

© Sputnik / Табылды КадырбековБольшая пресс-конференция президента Сооронбая Жээнбекова
Большая пресс-конференция президента Сооронбая Жээнбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мөөнөтүнөн эрте болчу президенттик шайлоонун убакыт-саатын депутаттар аныктайт. Бирок эгер эл өкүлдөрү бир пикирге келе албаса да шайлоонун күнү автоматтык түрдө дайындалган болуп эсептелет.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңеш мөөнөтүнөн мурда өтүүчү президенттик шайлоонун күнүн өлкө башчынын укуктары токтотулган маалдан бир жумадан кечиктирбей дайындашы керек. Мындай талап "КР президентин жана Жогорку Кеңешти шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамда каралган.

Эскерте кетсек, Сооронбай Жээнбеков отставкага кетерин парламенттин 16-октябрдагы жыйынында билдирген. Андан бир күн мурун президенттин маалымат кызматы Жээнбековдун өлкө башчылыктан кетери тууралуу билдирүү тараткан болчу.

Экс-президент макамы Жээнбековго кандай артыкчылык берет? Тизме

Демек, президентти шайлоонун күнү 23-октябрга чейин аныкталышы керек.

"Эгер Жогорку Кеңеш белгиленген мөөнөттө бир пикирге келбесе, шайлоонун күнү автоматтык түрдө дайындалган болуп эсептелет. Мындай учурда акыркы күндүн эртеси (24-октябрда) шайлоонун күнү аныкталчу убакыт болуп калат", — деп айтылат мыйзамда.

Парламенттин шайлоону дайындоо тууралуу токтому эки күндүн ичинде ЖМКларга жарыяланышы керек.

Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндөгү мыйзам боюнча шайлоо президенттин укугу токтотулган учурдан тарта 5 календардык күндүн ичинде дайындалышы кажет.

Бешинчи президент кантип кетти. Жээнбековдун отставкасынан сүрөт түрмөк

Мында мөөнөтүнөн мурда болчу президенттик шайлоо үч айдын ичинде өткөрүлүп, шайлоо аракеттеринин мөөнөтү кыскартылууга тийиш.

Белгилей кетсек, Конституция боюнча президенттин милдетин аткарып жаткан адам өлкө башчысын шайлоого талапкер катары катыша албайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0