Коронавируста бөйрөк оорусу өлүм коркунучун эки эсеге жогорулатат

Жазылуу
Адистердин божомолунда, коронавирус менен бөйрөк дартынын байланышы инфекция бир гана өпкөнү жабыркатпай турганын билдирет же дары-дармектин зыяндуу таасиринен болушу мүмкүн.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Бөйрөк оорусу коронавирус инфекциясында өлүм тобокелдигин эки эсе жогорулатат. Бул тууралуу "Известия" лондондук окумуштууларга таянуу менен жазды.

Изилдөөчүлөрдүн айтымында, алар коронавирус жуктуруп жандандыруу бөлүмүнө түшкөн 372 бейтаптын абалына байкоо жүргүзүшкөн.

Натыйжада 216 кишиде өнөкөт жана вирус козгогон бөйрөк оорулары болгон. Ошол эле учурда 107 киши (бейтаптардын 50дөй пайызы) көз жумган. Ал эми башка группада, тагыраагы, бөйрөгү соо бейтаптардын арасында 32 гана (21 пайыз) киши каза тапкан.

Кулактан дагы кармайт. Коронавирустун жаңы симптому белгилүү болду

"Аман калгандар гемодиализ терапиясын алып жүрүштү. Биздин изилдөөлөр  коронавируска кабылган бейтаптардын бөйрөк дарты өлүмгө жетелей турганына жана ооруканадан чыгарылгандан кийин дагы өзгөчө камкордук талап кылынарын көрсөтүп турат", — деген окумуштуулар.

Адистердин божомолунда, коронавирус менен бөйрөк дартынын байланышына инфекция бир гана өпкөнү жабыркатпай турганы же дары-дармектин зыяндуу таасири болушу мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0