Өткөн суткада 482 киши коронавирус жуктуруп, 127 бейтап айыкты

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүОоруканадагы медициналык кызматкерлер
Ооруканадагы медициналык кызматкерлер - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азыркы тапта 2 550 бейтап стационарларда, 2 518и амбулатордук шартта дарыланууда. Бир суткада өлкө боюнча 10 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталган.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда 482 кишиден коронавирус табылды. Ошол эле маалда 127 бейтап дартты жеңип, үйлөрүнө чыгарылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 73;
  • Ош – 54;
  • Чүй облусу – 14;
  • Ош облусу – 93;
  • Талас облусу – 7;
  • Нарын облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 8;
  • Жалал-Абад облусу – 125;
  • Баткен облусу – 107.

Айыккандар:

  • Бишкек – 40;
  • Ош шаары – 10;
  • Чүй облусу – 6;
  • Ош облусу – 41;
  • Нарын облусу – 2;
  • Талас облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 1;
  • Жалал-Абад облусу – 14;
  • Баткен облусу – 11.

Өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 52 миңден ашты. Тагыраагы, оору 52 526 адамдан аныкталса, анын 45 863 бейтап коронавирустан айыкты.

Азыркы тапта 2 550 бейтап стационарларда, 2 518и амбулатордук шартта дарыланууда.

Кулактан дагы кармайт. Коронавирустун жаңы симптому белгилүү болду

Бир суткада өлкө боюнча 10 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталган. Алар:

  • Бишкек шаарында – 2;
  • Чүй облусунда – 2;
  • Баткен облусунда – 6.

Бир суткада 9 медик ооруну жеңип, үйлөрүнө чыгарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0