Мэрия: Мурас-Ордо конушунун инфраструктурасы жакшыртылып жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек мэриянын имараты. Архив
Бишкек мэриянын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэр Азиз Суракматовдун тапшырмасы менен Бишкектин чет-жакасындагы жаңы конуштардын инфраструктурасын жакшыртуу иштери уланууда.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Бишкектеги Мурас-Ордо конушундагы жаңы мектеп борбордук канализацияга кошулуп, жакында конушка кире бериштеги жолго асфальт төшөө пландалып жатат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

"Мэр Азиз Суракматовдун тапшырмасы менен Бишкектин чет-жакасындагы жаңы конуштардын инфраструктурасын жакшыртуу иштери уланууда. Аталган конушка курулган мектептен 2 чакырымга жеткен түтүк тартылып, канализацияга кошулат. Мэрия ишти аткара турган компанияны аныктады. Долбоорго жалпысынан 6 миллион 447 миң сом сарпталат", — деп айтылат билдирүүдө.

"Бишкек жылуулук энерго" ишканасына карыз болгондордун тизмеси чыкты

Ал эми жолдун курулушуна Кытайдан келген гранттык каражаттар колдонулмакчы. Учурда аймак курулуш иштерине даярдалып, жер алдынан түтүктөр алып өтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0