Бишкектин чок ортосунан жоголуп кеткен тестиер кыз табылды. Сүрөт

© Фото / PexelsӨспүрүм кыз. Архив
Өспүрүм кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ жоголгон кыздын энеси арыз менен кайрылгандан кийин Кайгуул милициянын кызматкерлери издөө иштерин баштаган.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Кайгуул милициянын кызматкерлери Бишкектин чок ортосунан жоголгон 11 жаштагы кызды тапты. Бул туурасында ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

© Фото / пресс-служба УПСМКайгуул милициянын кызматкерлери Бишкектин чок ортосунан жоголгон 11 жаштагы кызды тапты
Бишкектин чок ортосунан жоголуп кеткен тестиер кыз табылды. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Кайгуул милициянын кызматкерлери Бишкектин чок ортосунан жоголгон 11 жаштагы кызды тапты

16-октябрда кечки саат 21:15 чамасында Бишкек ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө тестиердин апасы кайрылган. Анда кызы Турусбеков көчөсүндөгү үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз экенин айткан.

Милиция аны калаанын Чүй проспектиси менен Исанов көчөлөрүнүн кесилишинен таап, ата-энесине өткөрүп берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0