Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кыргызстанда телеканал, радиолор эмнеге иштебей жатты? Расмий жооп

© Sputnik / Нина Зотина / Медиабанкка өтүүТелевизор. Архив
Телевизор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин социалдык тармактын колдонуучулары жергиликтүү телеканалдар жана радиолор иштебей жатканын жазып, себебин сурашкан.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Кыргызстандагы жергиликтүү телеканалдар жарым жылда бир жүргүзүлө турган профилактика иштеринен улам иштебей жатат. Бул тууралуу Телекөрсөтүү жана радио боюнча республикалык өндүрүш бирикмесинин (РПО РМТР ишканасы) сайтында жазылган.

Буга чейин социалдык тармактын колдонуучулары жергиликтүү телеканалдар жана радиолор иштебей жатканын жазып, себебин сурашкан.

Телекөрсөтүу жана радио боюнча республикалык өндүрүш бирикмеси үч күн мурда, тагыраагы, 14-октябрда бул тууралуу эскертүү жарыялашкан.

"Урматтуу телекөрүүчүлөр жана радио угармандар, 17-октябрда саат 6:00дөн 14:00гө чейин электр энергиясы толук өчүрүлүп, РПО РМТР техникалык каражаттарынын алты айлык профилактикасы өткөрүлөт. Буга байланыштуу санариптик телекөрсөтүүнүн жана радиоберүүнүн 1 жана 2 мультиплекстүү каналдары иштебейт. Алардын жумушу 14:00дөн кийин калыбына келтирилет", — деп айтылат билдирүүдө.

Ишкана келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн элден кечирим сураган.

Белгилей кетсек, мындай профилактиканы компания жарым жылда бир жолу жүргүзүп турат.

Учурда телеканалдар кадимки ыраатында иштеп жатат.

Смартфон аркылуу аңдуу болуп жатканын кантип билүүгө болот? Адистин кеңеши

Маалым болгондой, санариптик телекөрсөтүүнүн жана радиоберүүнүн социалдык жана коммерциялык болуп эки пакети бар.

Социалдык пакетке КТР, Баластан, Маданият, Музыка, Ала-ТооHD, СпортHD, Мир, Пирамида, СТВ, 5-канал, ЭлТР, Илим-Билим, ОРТ, РТР телеканалдары кирет. Ал эми коммерциялык пакетке НТС, МИР 24, 312 Музыка, Тумар ТВ, Cinemax, Санат ТВ, Домашний, Ош ТВ, Семейный, 312 Кино, TV1 KG, Любимый, ТНТ, MARVA TV, Ош Пирим, TRT Avaz, Азия TV телеканалдары кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0