Жакында кыргызстандыктар жабыла учкан жылдыздарды көрө алышат

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүМетеориттик агымы. Архив
Метеориттик агымы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер жылдыздардын агымын байкоого ыңгайлуу шарт түзүлөрүн болжошууда. Саатына 20 метеорит учары күтүлүп жатат.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. 22-октябрь түнү Орионид метеориттик агымынын жогорку чеги күтүлүп жатканын Москва планетарийи билдирди.

Ориониддер жыл сайын 2-октябрдан 7-ноябрга чейин жердин атмосферасы аркылуу өтөт жана анын активдүүлүгүнүн жеткен чеги 21-22-октябрга туура келет. Метеорологиялык жамгырга түн ортосунан эртең мененкиге чейин асмандын түштүк-чыгыш бөлүгүнөн байкоо салууга болот.

22-октябрга караган түнү Кыргызстанда жаан-чачын болбой турганын Кыргызгидромет билдирди. Жылдыздар агымы ай жаңыруу фазасына туура келсе да байкоо салууга тоскоолдук жаралбайт.

Эл аралык метеорологиялык уюмдун байкоосуна ылайык, агым саатына 20 метеоритти түзөт. Алардын издери адатта ак түстө болот, бирок кызыл, көк-жашыл, сары жана саргыч да болушу мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0