Бишкек — Ош жолунда элди автобус менен ташуу токтотулду

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүАвтобус. Архив
Автобус. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул эреже 2005-жылы 29-июлда чыккан өкмөттүн токтомуна ылайык, 2020-жылдын 16-октябрынан 2021-жылдын 1-майына чейин күчүндө болот.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолунда жүргүнчүлөрдү автобус менен ташууга убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу Чүй облустук ЖКККББ маалымат кызматы билдирди.

Эреже 2005-жылы 29-июлда чыккан өкмөттүн токтомуна ылайык, 2020-жылдын 16-октябрынан 2021-жылдын 1-майына чейин күчүндө болот. ЖКККББ элди, жүргүнчүлөрдү төрт дөңгөлөгү тең иштеген автобустар ташый аларын белгилеп кетти.

Бишкек мэриясы башаламандыктын айынан 17 млн. сом чыгым тартты

Мекеме посттордо турган кызматкерлерге жүргүнчү ташыган транспортторду текшерүү боюнча тапшырма берилгенин кошумчалады. Мындан сырткары, автобекеттерде да түшүндүрүү иштери жүрөрү маалым болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0