Жогорку Кеңеш Бишкекке кирген өзгөчө абал режимин жокко чыгарды

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүАскер кызматкери
Аскер кызматкери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент Сооронбай Жээнбеков 9-октябрь күнү Бишкекке өзгөчө абал режимин киргизүү боюнча жарлыгын жарыялаган.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары Бишкек шаарына кирген өзгөчө абал режимин жокко чыгарды.

Бүгүн "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына жыйынга чогулган депутаттар күн тартибине биринчи маселе катары киргизип, өзгөчө абал режимин алып салууну колдоп беришти.

Белгилей кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков 9-октябрь күнү Бишкекке өзгөчө абал режимин киргизүү боюнча жарлыгын жарыялаган. Аны парламент бекитип бербегендиктен, 12-октябрь күнү кайрадан ушундай эле жарлыкка кол койгон. Натыйжада 13-октябрда парламент дагы колдоп берген.

Сооронбай Жээнбеков президенттикти расмий тапшырып кетти

Жарлыкка ылайык, Бишкектеги өзгөчө абал режими 19-октябрга чейин иштеп, кечки саат 22:00дөн таңкы саат 5:00гө чейин шаар тургундарына сыртка чыгууга чек коюлган.

Жаңылыктар түрмөгү
0