Бишкекте митингге чыккандар эртең да чогулмай болушту

© Sputnik / Эркин СадыковӨкмөт үйүнүн алдындагы митинг
Өкмөт үйүнүн алдындагы митинг - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Уюштуруучулар эртең ушул убакытта Жогорку Кеңештин депутаттары президенттин отставкасы боюнча маселени карай турганын айтып, элден кайра келүүнү суранышты.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Өкмөт үйүнүн алдындагы митингдин уюштуруучулары элди эртең, 16-октябрда, саат 10:00дө эски аянтта кайра чогулууга чакырышты.

© Sputnik / Эркин СадыковМитингующие у Дома правительства на Старой площади в Бишкеке, которые выступают за роспуск парламента
Өкмөт үйүнүн алдындагы митингдин уюштуруучулары элди эртең, 16-октябрда, саат 10:00дө эски аянтта кайра чогулууга чакырышты - Sputnik Кыргызстан
1/4
Өкмөт үйүнүн алдындагы митингдин уюштуруучулары элди эртең, 16-октябрда, саат 10:00дө эски аянтта кайра чогулууга чакырышты
© Sputnik / Эркин СадыковМитингующие у Дома правительства на Старой площади в Бишкеке, которые выступают за роспуск парламента
Уюштуруучулар эртең ушул убакытта Жогорку Кеңештин депутаттары президенттин отставкасы боюнча маселени карай турганын айтып, элге кайра келүүнү суранышты - Sputnik Кыргызстан
2/4
Уюштуруучулар эртең ушул убакытта Жогорку Кеңештин депутаттары президенттин отставкасы боюнча маселени карай турганын айтып, элге кайра келүүнү суранышты
© Sputnik / Эркин СадыковМитингующие у Дома правительства на Старой площади в Бишкеке, которые выступают за роспуск парламента
Белгилей кетсек, ага чейин өкмөт башчы Садыр Жапаров митингчилердин алдына чыгып Жогорку Кеңештин төрагасы Канат Исаев президенттин милдетин аткаруудан баш тартканын жар салган - Sputnik Кыргызстан
3/4
Белгилей кетсек, ага чейин өкмөт башчы Садыр Жапаров митингчилердин алдына чыгып Жогорку Кеңештин төрагасы Канат Исаев президенттин милдетин аткаруудан баш тартканын жар салган
© Sputnik / Эркин СадыковМитингующие у Дома правительства на Старой площади в Бишкеке, которые выступают за роспуск парламента
Азыркы тапта эски аянтта митинг уюштургандар тарап кетишти. - Sputnik Кыргызстан
4/4
Азыркы тапта эски аянтта митинг уюштургандар тарап кетишти.
1/4
Өкмөт үйүнүн алдындагы митингдин уюштуруучулары элди эртең, 16-октябрда, саат 10:00дө эски аянтта кайра чогулууга чакырышты
2/4
Уюштуруучулар эртең ушул убакытта Жогорку Кеңештин депутаттары президенттин отставкасы боюнча маселени карай турганын айтып, элге кайра келүүнү суранышты
3/4
Белгилей кетсек, ага чейин өкмөт башчы Садыр Жапаров митингчилердин алдына чыгып Жогорку Кеңештин төрагасы Канат Исаев президенттин милдетин аткаруудан баш тартканын жар салган
4/4
Азыркы тапта эски аянтта митинг уюштургандар тарап кетишти.

Уюштуруучулар эртең ушул убакытта Жогорку Кеңештин депутаттары президенттин отставкасы боюнча маселени карай турганын айтышкан.

Белгилей кетсек, ага чейин өкмөт башчы Садыр Жапаров митингчилердин алдына чыгып Жогорку Кеңештин төрагасы Канат Исаев президенттин милдетин аткаруудан баш тартканын жар салган.

Өлкө башчынын милдетин аткаруучу президенттик шайлоого катыша албайт

Эскерте кетсек, бүгүн, 15-октябрь күнү, өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков отставкага кете турганын билдирип, кайрылуу жасады. Мыйзам боюнча анын милдетин Жогорку Кеңештин төрагасы аткарат. Эгер андай мүмкүнчүлүгү жок болсо, милдетти аркалоо премьер-министрге жүктөлөт.

Азыркы тапта эски аянтта митинг уюштургандар тарап кетишти.

Жаңылыктар түрмөгү
0