Башаламандыктан кийинки Ак үйдүн 7-кабаты. Видео

© REUTERS / VLADIMIR PIROGOVЖогорку Кеңештин имараты
Жогорку Кеңештин имараты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
6-октябрга караган түнү аянттагы митингчилер Ак үйдү басып алгандан кийин имаратта өрт чыккан болчу.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Ак үйдүн жетинчи кабатынын башаламандыктан кийинки көрүнүшүн Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын мурунку жетекчиси Ибраим Нуракун уулу көрсөттү.

6-октябрга караган түнү "Ала-Тоо" аянтына чыккан митингчилер Ак үйдү басып алган. Көп өтпөй имаратта өрт чыккан.

Видео Нуракун уулунун Facebook баракчасына жарыяланды.

"Бул бизге сабак болушу керек. Кийинки лидерлер бул тууралуу унутпашы зарыл", — деп жазган Нуракун уулу.

Эскерте кетсек, 5-октябрь күнү парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл митингге чыккан. Натыйжада милиция кызматкерлери менен кагылышуу болуп бир адам каза таап, миңдей киши жаракат алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0