Эски аянтка чогулгандар "Ысык-Көл" мейманканасын көздөй бет алды

© Sputnik / Алимджан ВалиевБишкектеги президент Сооронбай Жээнбековке каршы митинг
Бишкектеги президент Сооронбай Жээнбековке каршы митинг - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ аталган мейманкананын алдына 300дөй адам келип, президент Сооронбай Жээнбековду колдоо акциясын өткөрүшкөн.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Бүгүн эртең менен эски аянтка чогулган премьер-министр Садыр Жапаровдун тарапташтары "Ысык-Көл" мейманканасын көздөй бет алды.

Sputnik Кыргызстандын кабарчысынын билдиришинче, Өкмөт үйүнүн алдына 100 чамалуу адам чогулган. Ошол эле маалда "Ысык-Көл" мейманканасынын жанына дагы Жапаровдун тарапташтары жыйналууда.

Митингчилер Сооронбай Жээнбековдун отставкасын талап кылышууда. Кечээ кечинде Садыр Жапаров тарапташтарынын алдына чыгып президенттин отставкасы тууралуу сүйлөшүү аягына чыкпаганын, Жээнбеков менен бүгүн дагы жолугарын билдирген.  Анын айтымында, сүйлөшүүлөр бүгүн саат 11.00дө башталат. 

"Ысык-Көл" мейманканасы мамлекеттик резиденциянын жанында жайгашкан.

Белгилей кетсек, кечээ аталган мейманкананын алдына 300дөй адам келип, президент Сооронбай Жээнбековду колдоо акциясын өткөрүшкөн

 

Жаңылыктар түрмөгү
0