Бүгүн 388 кишиден COVID чыкты. Соңку статистика

© AFP / RONALDO SCHEMIDTМедициналык кызматкер коронавируска тестти менен. Архив
Медициналык кызматкер коронавируска тестти менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Пандемия башталгандан тарта Кыргызстанда жугуштуу илдет менен жабыркагандардын саны 50 589га жетти.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Кыргызстанда дагы 388 кишиден коронавирус аныкталып, 196 бейтап айыгып чыкканын Республикалык штаб кабарлады.

Вирус илештирип алгандардын арасында 32 медицина кызматкери бар.

Жуктургандар:

  • Бишкек - 59;
  • Ош - 55;
  • Чүй облусу – 19;
  • Ош облусу - 50;
  • Талас облусу - 16;
  • Нарын облусу - 1;
  • Ысык-Көл облусу – 19;
  • Жалал-Абад облусу – 86;
  • Баткен облусу - 83.

"118" кызматы ачылганга чейин кайда кайрылса болот. Номерлер

Ал эми айыккандар төмөнкү аймактарда катталган:

  • Бишкек – 17;
  • Ош шаары – 20;
  • Чүй облусу – 12;
  • Ош облусу – 40;
  • Талас облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 12;
  • Жалал-Абад облусу – 62;
  • Баткен облусу – 32.

Байсекеев: кан тамыр оорусу барларга коронавирус өзгөчө кооптуу

Ушуну менен пандемия башталгандан тарта вирус жуктуруп алгандарды саны 50 589 болду. Анын 45 080и айыгып ооруканалардан чыгарылган. Кечээтен бери оорудан беш кишинин көз жумганы белгилүү болуп, каза тапкандардын жалпы саны 1 099га жетти.

Ушу тапта ооруканаларда 2 092 бейтап жатса, 1 847 киши амбулатордук дарылоодон өтүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0