Бейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
15-октябрга караган түнү Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Республиканын калган аймактарында күн ачык болот.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. 15-октябрь, бейшемби күнү, өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Билдирмеге ылайык, шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрден айрым райондордо 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй, Талас өрөөндөрүндө +16...+21, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +18...+23, Ысык-Көл жергесинде +13...+18 жана Нарын аймагында +12...+17 градус болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте +19...+21, ал эми Ошто +20...+22 градуска чейин жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0