УКМК: дүрбөлөң түшүүгө негиз жок

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын желегин көтөргөн митингчилер. Архив
Кыргызстандын желегин көтөргөн митингчилер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурдагы ар кандай чакырыктарга байланыштуу УКМК коомчулукту чагымчылдыкка алдырбай, өлкөдөгү кырдаалдын курчушуна алып келүүчү имиштерге ишенбөөгө үндөөдө.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Учурдагы коомдук-саясий кырдаалга байланыштуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирүү таратып, кооптонууга негиз жок экенин билдирди.

Учурда социалдык тармактарда Бишкек шаарында жана республикадагы абалды дестабилдештирүү боюнча ар кандай чакырыктар таратылып жатканы айтылат. Буга байланыштуу УКМК коомчулукту эч кандай чагымчылдыкка алдырбай, өлкөдөгү кырдаалдын курчушуна алып келүүчү ар кандай имиштерге ишенбөөгө чакырат.

Саясатты токтотуп, ишке өтөлү! Президент Жээнбековдун кайрылуусу видеодо

"УКМК өлкөдөгү бардык күч түзүмдөрү менен биргеликте ар кандай, анын ичинде деструктивдүү күчтөрдүн чагымчыл аракеттеринин алдын алуунун үстүндө тийиштүү иштерди жүргүзүп жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин айтылгандай, УКМК башка күч органдары сыяктуу эле саясий иштерден тышкары болуп, мындай оор учурда бардык тараптарды кырдаалды тезирээк турукташтыруу боюнча бир пикирге келүүгө чакырууда.

УКМК ошондой эле өлкөнүн укук коргоо органдарында кырдаалды жөнгө салуу үчүн күч жетиштүү экенин эскертти.

Жаңылыктар түрмөгү
0