ШИИБ: Бишкекте түн тынч өттү, азыр да абал туруктуу

Жазылуу
Менчик түрүнө карабастан бардык уюмдар кадимки тартипте иштеп, коомдук транспорт да тынымсыз каттай турганы маалым болду.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Борбор калаада абал тынч жана коопсуз. Бул тууралуу Бишкек ШИИБ маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, шаарда коомдук тартипти бузган фактылар катталган эмес.

"Милиция кызматкерлери, Куралдуу күчтөрдүн аскерлери, элдик кошуундар шаардыктардын коопсуздугун камсыздоону улантып жатат. Мамлекеттик же жеке менчик мүлккө кол салуу, талап-тоноо фактысы катталган эмес", — деп айтылат маалыматта.

Садыр Жапаровдун тарапташтарын кайрадан митингге чакырган билдирүүлөр тарады

Бардык уюмдар менчик түрүнө карабастан кадимки тартипте иштеп, коомдук транспорт да тынымсыз каттап жатканы маалым болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0