Милиция ӨА режиминде жашап жаткан Бишкекте түн кандай өткөнүн айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековЭлдик кошуун Бишкекте кечки убакытта
Элдик кошуун Бишкекте кечки убакытта - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баш калаадагы коопсуздукту Патрулдук милициянын кызматкерлери, аскерлер жана элдик кошуундун ыктыярчылары камсыз кылууда.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Бишкекте коменданттык саат тынч өткөнүн шаардык милициянын маалымат кызматы билдирди.

Калаа тургундарынын жана коноктордун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тийиштүү алдын алуу чаралары көрүлгөн.

Коменданттык саат киргизилген Бишкекте түн кандай өттү

"Коомдук тартипти бузган, менчик жана мамлекеттик мүлккө кол салуу фактысы катталган жок. Баш калаадагы коопсуздукту Патрулдук милициянын кызматкерлери, аскерлер жана элдик кошуундун ыктыярчылары камсыз кылууда", — деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, шаардын коменданты Алмазбек Орозалиевдин буйругуна ылайык, Бишкекте саат 22:00дөн таңкы 05:00гө чейин коменданттык саат жүрөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекке экинчи ирет өзгөчө абал киргизүү боюнча жарлыкка кол койгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0