Кыргызстанда бир суткада 343 адамдан коронавирус аныкталды

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүКомпьютердик томографияны карап жаткан медициналык кызматкерлер
Компьютердик томографияны карап жаткан медициналык кызматкерлер - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпысынан алганда 49 871 адамдан коронавирус табылып, анын 44 712си айыкты. Тилекке каршы, өткөн суткада эки өлүм катталды.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны көбөйө баштады. Өткөн суткада 343 адамдан COVID-19 табылганын Республикалык штабдан маалымдашты.

Коронавирус жуктурган жаңы учурлар:

  • Бишкек – 81;
  • Ош – 18;
  • Чүй облусу – 21;
  • Ош облусу – 46;
  • Ысык-Көл облусу – 17;
  • Жалал-Абад облусу – 77;
  • Баткен облусу – 83.

Бир суткада 190 бейтап ооруну жеңген. Алар:

  • Бишкекте – 25;
  • Ош шаарында – 7;
  • Чүй облусунда – 9;
  • Ош облусунда – 46;
  • Нарын облусунда – 4;
  • Талас облусунда – 1;
  • Ысык-Көл облусунда – 13;
  • Жалал-Абад облусунда – 43;
  • Баткен облусунда – 42.

Жалпысынан алганда Кыргызстанда 49 871 адамдан коронавирус табылып, анын 44 712си айыкты.

Тилекке каршы, өткөн суткада эки өлүм катталды. Ошону менен COVID-19 өлкөдө 1 092 адамдын өмүрүн алды.

Азыркы тапта 1 776 бейтап стационарларда, ал эми 1 833 киши амбулатордук шартта дарыланып жатканы маалым болду.

COVID-19ду канткенде биротоло жеңе алабыз? Окумуштуунун пикири

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 12 медик коронавирус жуктуруп алган. Алар:

  • Ош шаарында – 1;
  • Баткен облусунда – 2;
  • Ош облусунда – 1;
  • Жалал-Абад облусунда – 7;
  • Ысык-Көл облусунда – 1.

Ошол эле маалда жети медик ооруну жеңип, үйлөрүнө чыгарылганы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0