COVID күч алууда. Бишкекте дагы бир стационар ачылды

© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевКүндүзгү стационар. Архив
Күндүзгү стационар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Медиктер коронавирустун белгилери байкалган учурда дүрбөлөңгө түшпөй, дарыгерге чалып керектүү маалымат алуу зарылдыгын айткан.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Борбор калаада коронавирус аныкталган бейтаптардын саны өсө баштагандыктан, Улуттук госпиталдын базасында дагы бир кошумча стационар ачылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Ага ылайык, Ыкчам медицина борборунун реанимация бөлүмүнүн жетекчиси Егор Борисов стационарлар бейтаптардын санына жараша акырындык менен ачыла баштай турганын жазып, жеке менчик клиникалар да оорулууларды кабыл ала берсе болорун белгилеген.

COVID-19га экинчи ирет кабылган бейтаптын каза болгон биринчи учуру катталды

"Бейтаптын абалы начарлап, ооруканага жатуу зарылдыгы жаралса 103 кызматына же 0312 32 30 00 номерине чалса болот. Мындан сырткары, 0770 89 55 56 (Whats App) номери аркылуу да кайрыла алышат", — деп айтылат маалыматта.

Медиктер коронавирустун белгилери байкалган учурда дүрбөлөңгө түшпөй, дарыгерге чалып керектүү маалымат алуу зарылдыгын айткан. Эгер бейтаптын абалы начарлап баратса, 103 кызматына сөзсүз чалуу керектиги эскертилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0