Биометрикалык маалыматтарды каттоо иши жанданды

© Sputnik / Табылды КадырбековБиометрикалык маалыматтарды чогултуу
Биометрикалык маалыматтарды чогултуу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Парламенттик шайлоонун алдында шайлоочулардын тизмесин түзүү үчүн биометриканы чогултуу иштери токтотулган.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Кыргызстанда бүгүндөн тарта Калкты тейлөө борборлорунда, жарандык актылардын абалын каттоо, паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмдөрүндө биометрикалык маалыматтарды топтоо иштери жандандырылды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Парламенттик шайлоонун алдында шайлоочулардын тизмесин түзүү үчүн 20-сентябрда биометриканы чогултуу иштери токтотулган болчу.

Жарандар жашаган жерине карабай бардык биометрикалык маалыматтарды каттоо бөлүмүнө барып акысыз тапшыра алышат. Ал үчүн жанында паспорту же жалпы жарандык паспорту болушу керек.

Калкты тейлөө борбору, "Кыргыз почтасы" жана "Унаа" эртең ишин жандантат

Белгилей кетсек, "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" мыйзамына ылайык, ар бир жаран 16 жашка чыккандан кийин милдеттүү түрдө биометрикалык каттоодон өтүшү шарт.

Жаңылыктар түрмөгү
0