Генералдык штаб резиденциянын тосмосун сүзгөн аскер техникасы боюнча үн катты

© Sputnik / Эламан Карымшаков"Ала-Арча" резиденциясынын тосмосун сүзүп алган аскер техникасыны
Ала-Арча резиденциясынын тосмосун сүзүп алган аскер техникасыны - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя боюнча кызматтык иликтөө башталды. Анын жыйынтыгына жараша жооптуу тараптар аныкталат.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Алдын ала маалыматтарга ылайык, мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясынын тосмосун сүзүп алган аскер техникасынын тормоздук системасы иштебей калган. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Генералдык штабдан билдиришти.

Окуя 10-октябрь күнү мамлекеттик резиденциянын батыш тарабында болгон. Кадрдан аскер техникасы резиденциянын аймагын курчаган тосмонун бир четин сүзүп кеткенин көрүүгө болот.

Генштаб учурда кызматтык иликтөө жүрүп жатканын, анын жыйынтыгына жараша жооптуу тараптар аныкталарын белгиледи.

Эске салсак, Сооронбай Жээнбеков 9-октябрь күнү Бишкекке өзгөчө абал режимин киргизүү боюнча жарлыкка кол койгон. Документке ылайык, шаарга аскер техникасы киргизилген. Жогорку Кеңеш үч күндүн ичинде бул маселени карабагандыктан президент кайрадан өзгөчө абал киргизүү боюнча жарлык кабыл алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0