Кыргызстанда бир катар салыктардан жеңилдетүү болду

© AFP / JENS SCHLUTERЭлектромобиль зарядта турган учурунда
Электромобиль зарядта турган учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Салык кызматы бир катар төлөмдөр боюнча өзгөрүүлөр ушул жылдын 1-ноябрынан тартып күчүнө кире тургандыгын билдирди.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Кыргызстанда электр кыймылдаткычы менен гана иштей турган транспорт каражаттары бир катар салыктардан бошотулду. Бул тууралуу Салык кызматынан кабарлашты.

"Электр кыймылдаткычы менен гана кыймылга келген транспорт 4-топтогу мүлк салыгынан бошотулду. Мындан тышкары, Кыргызстандын ишканаларында өндүрүлгөн, электр кыймылдаткычы менен кыймылга келген транспорт каражаттары, ошондой эле электр кыймылдаткычы бар автоунааларды импорттоо жана аларды электр менен кубаттандыруучу тетиктер кошумча нарк салыгынан бошотулду", — деп айтылат маалыматта.

Бюджетти толтуруу үчүн ички киреше булактары аныкталууда. Алар кайсылар?

Ушул эле мыйзам менен мунай заттары боюнча акциздик товарлардын тобу кеңейтилип, базалык ставкалар өзгөртүлгөн.

Салык кызматы бул өзгөрүүлөр 2020-жылдын 1-ноябрынан тартып күчүнө кире тургандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0