Коменданттык сааттын убактысы өзгөрдү

© REUTERS / VLADIMIR PIROGOVКоменданттык саат учурунда куралдуу күчтөрүнүн мүчөлөрү кайтарууда
Коменданттык саат учурунда куралдуу күчтөрүнүн мүчөлөрү кайтарууда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коменданттык саат мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди эсепке албаганда бардык жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга тиешелүү.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Өзгөчө абал убагында Бишкек шаарына киргизилген коменданттык саат 22:00дөн 05:00гө чейин уланарын Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Коменданттык саат шаар турмушун иретке келтирүүгө салым кошуп жаткан мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди эсепке албаганда бардык жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга тиешелүү.

Учурда Бишкек шаардык комендантынын атайын буйругу даярдалууда.

Буга чейин өзгөчө абал 12-октябрь саат 20:00дөн 19-октябрь саат 07:00гө чейин деп белгиленип, коменданттык саат 21.00дөн 05.00гө чейин болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0