Бир жумада 19 киши көз жумду. Кыргызстандагы соңку статистика

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүОоруканадагы медициналык кызматкер
Ооруканадагы медициналык кызматкер - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул жума ичинде COVID-19 Кыргызстанда да бир топ көтөрүлгөндүгү байкалды. Тилекке каршы, көз жумгандар да болууда.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн аптада (5-11-октябрь) 1807 киши коронавируска чалдыккан. Булардын арасында пневмония болгондор да бар.

Алардын көбү ишемби күнкүгө катталып 307ге жетсе, жекшембиде бир гана кишиден айырмаланды (306).

Бир күндө канчадан киши вирусту жуктуруп алганын төмөнкү сандардан көрсөңүз болот:

  • дүйшөмбү, 5-октябрь — 207;
  • шейшемби, 6-октябрь — 164;
  • шаршемби, 7-октябрь — 298;
  • бейшемби, 8-октябрь — 245;
  • жума, 9-октябрь — 275;
  • ишемби, 10-октябрь — 307;
  • жекшемби, 11-октябрь — 306.

Кытай коронавирустун экинчи толкунунан кантип кутулду. Тургундардын баяны

Айыккандардын саны — 977:

  • дүйшөмбү, 5-октябрь — 103;
  • шейшемби, 6-октябрь — 123;
  • шаршемби, 7-октябрь — 154;
  • бейшемби, 8-октябрь — 159;
  • жума, 9-октябрь — 140;
  • ишемби, 10-октябрь — 130;
  • жекшемби, 11-октябрь — 168.

Дарыгер кандай дүкөндөрдө COVID бат жугарын айтты

Белгилей кете турган нерсе, августтан тарта сентябрга чейин айыгып кеткен бейтаптардын саны күн сайын көбөйүп, ооругандар кыскарган.

Бир жумадан бери 19 адам көз жумду, дүйшөмбү жана шейшемби күндөрдөгү маалыматта, бактыга жараша, каза тапкандар туурасында кабар болгон эмес, шаршемби күндөгү маалыматта – үч, бейшемби, жумадагы кабарда төрт киши көз жумганы айтылды. Ишембиде беш киши, ал эми бүгүн, жекшембидеги маалыматта үч киши деп айтылды. Бүгүн канча киши оору жуктуруп алгандыгы эми эртең айтылат.

Коронавирус Кыргызстанга баш баккан март айынан тарта 49 230 киши жуктуруп алса, анын ичинен 44 395и айыгып кетти. Ал эми 1085 бейтап оорудан тура албай, көз жумду.

Жаңылыктар түрмөгү
0