УКМК: Жолдош Токмергенов комитеттин жетекчиси болду деген жалган 

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин имараты. Архив
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
УКМК чагымчыл маалымат жайылткандар КРдин мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Премьер-министр Садыр Жапаровдун Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматына Жолдош Токмергеновду дайындаганы тууралуу соцтармакка тараган буйруктун сүрөтү чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматта мындай билдирүүлөр атайын кызматтагылар менен күч түзүмдөрүнө чагымчылык кылуу максатында таратылып жатканы айтылат. УКМКнын башчысын дайындоо президенттин ыйгарым укугуна кирери белгиленди.

“Учурда УКМКнын жетекчилиги жана өздүк курам штаттык режимде иштеп, улуттук жана коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча зарыл болгон бардык ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө”, — деп айтылат маалыматта.

Sputnik Кыргызстан "Садыр Жапаров кармалды" деген маалыматты жазган эмес. Төгүндөө

УКМК чагымчыл жана жалган маалымат жайылткандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0