Өлкөдө акыркы суткада коронавирус 306 кишиден чыкты

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүЛаборатория кызматкери. Архив
Лаборатория кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Пандемиядан бери өлкөдө коронавирус 49 230 кишиде аныкталды. Соңку суткада ооругандар Жалал-Абад менен Ош облусунда көп болду.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус инфекциясы 306 кишиден табылганын Республикалык штаб кабарлады.

Ооругандар төмөнкү жактарда катталды:

  • Бишкек — 53;
  • Ош — 54;
  • Чүй облусу — 20;
  • Ош облусу — 52;
  • Талас облусу — 2;
  • Нарын облусу — 9;
  • Ысык-Көл облусу — 12;
  • Жалал-Абад облусу — 63;
  • Баткен облусу — 41.

Ал эми бир сутка ичинде 168 киши ооруну жеңди:

  • Бишкек — 24;
  • Ош шаары — 13;
  • Чүй облусу — 10;
  • Ош облусу — 35;
  • Нарын облусу — 5;
  • Талас облусу — 7;
  • Ысык-Көл облусу — 6;
  • Жалал-Абад облусу — 44;
  • Баткен облусу — 24.

Пандемиядан бери өлкөдө коронавирус 49 230 кишиде аныкталды. Ушуну менен жугуштуу ооруну жеңген кыргызстандыктардын саны 44 395 болду. Кечээ дагы үч киши каза болуп, оорудан көз жумгандар 1085ке жетти. 

Жакындардан ажыраган күндөр унутулду! Штабдын эмоционалдуу билдирүүсү

Ушул тапта стационарда 1 679 бейтап дарыланууда, ал эми 1616 киши амбулатордук түрдө жардам алып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0