Алмазбек Атамбаевди кармоо учуру видеого түшүп калган

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOКыргызстдандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев. Архив
Кыргызстдандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
5-октябрь күнү парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор УКМКнын имаратын басып кирип, бир нече саат ичинде абакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана башка белгилүү саясатчыларды чыгарып кетишкен.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. “Короче” Telegram-каналы Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунун видеосун жарыялады.

Кадрдын баш жагында көрүнүп тургандай, Алмазбек Атамбаевди кара түстөгү унаадан алып чыгып ак түстөгү унаа менен алып кетишкен.

Эске салсак, 10-октябрда мурдагы президент массалык башаламандык уюштуруу фактысы менен кармалган.

Атамбаевдин эркиндикке чыгышы

5-октябрь күнү парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор УКМКнын имаратын басып кирип, бир нече саат ичинде абакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана башка белгилүү саясатчыларды чыгарып кетишкен. Эртеси, 6-октябрда, Атамбаев "Форум" мекемесинин алдында элге чыгарын айтып, бирок ден соолугуна байланыштуу келе албай калган.

9-октябрда Алмазбек Атамбаев "Республика" партиясынын негиздөөчүсү Өмүрбек Бабанов менен "Форум" мекемесинин алдында сүйлөгөн. Андан кийин саясатчылар тарапташтары менен "Ала-Тоо" аянтына келишкен. Алар эл алдына чыгып сүйлөп жатканда эски аянттан Садыр Жапаровдун тарапташтары келген. Алгач биринчи тарап Жапаровдун колдоочуларын сүрүп чыгарууга аракет кылып, кийин эки жактан тең таш ыргытылып, ызы-чуу башталгандан кийин аянтты Өкмөт үйүнүн алдына келгендер ээлеп алган.

Атамбаев бул окуяда аны жок кылуу аракети болгонун айтып, автоунаасына тийген октун изин көрсөткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0