Атайын кызмат Кой-Ташка Атамбаевди кармоо үчүн келди. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев. Архив
Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Такталбаган маалыматка ылайык, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев шаар четиндеги үйүндө жок болуп чыкты. Бир жыл мурда аны дал ошол үйүнөн атайын операцияда кармаган болчу.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. УКМКнын атайын даярдыктагы аскерлери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо үчүн Кой-Таштагы үйүнө барды. Бул тууралуу анын тарапташтары социалдык тармактарга жазышууда.

Интернетте Атамбаевдин үйүнүн жанында аскер кызматкерлеринин жүргөн видеосу чыкты. Алдын ала маалыматка ылайык, Атамбаев ал жакта жок экени айтылууда.

Бул боюнча УКМКдан маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери мурдагы президенттин үйүнүн жанында турганы айтылат. Өткөн жылы Алмазбек Атамбаев дал ушул үйүндө атайын операциянын негизинде кармалган.

6-октябрда Бишкектеги элдик толкундоолордон кийин Атамбаев УКМКда камактан чыгарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0