Жакындардан ажыраган күндөр унутулду! Штабдын эмоционалдуу билдирүүсү

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарыгер. Архив
Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республикалык штаб жарандардан ооруну алдын алуу үчүн бет кап тагынуу, аралыкты сактоо сыяктуу бардык санитардык эрежелерди карманууга чакырат.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Коронавируска каршы күрөшүү боюнча Республикалык штаб учурдагы абал тууралуу эмоционалдуу билдирүү таратты.

Анда Кыргызстанда өткөн сутка коронавирустан беш адам каза болуп, 307 киши жаңы жуктуруп алганы айтылат.

"Бул акыркы айлардагы жаңы рекорд болду дегенди түшүндүрөт. Сандар COVID-19 вирусунун жаңы толкунуна бара жатканыбызды билдирет", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле эки-үч ай мурун коронавирус көптөгөн кыргызстандыктарды жакынынан ажыратканын элдин эсине салышты.

"Калың эл кайгырып, ыйлап, өкмөткө, Саламаттык сактоо министрлигине, аткаминерлерге, айрым учурда медиктерге наалат айтып жатышты... Көп кишиде илдет оор формада өттү, көбү азыркы тапка чейин коронавирустун кесепети менен күрөшүп жатат. Тилекке каршы, санитардык эрежелерди сактоо керек деген чакырыктарды жарандар көз жаздымда калтырып жатышат. Көпчүлүк жакындарын жоготконун, медиктерге бул жаман вирус менен күрөшүү кыйын болгонун унутуп коюшту", — деп жазылат билдирүүдө.

Республикалык штаб жарандардан ооруну алдын алуу үчүн бет кап тагынуу, аралыкты сактоо сыяктуу бардык санитардык эрежелерди карманууга чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0