Бүгүн Бишкектин чок ортосунда күч түзүмдөрү инструктаж өткөрөт

© Sputnik / Нурис АлымбаевАла-Тоо аянтындагы аскердик кызматкерлери
Ала-Тоо аянтындагы аскердик кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саптык тескеме күч түзүм бөлүктөрүнүн Бишкектеги коомдук коопсуздукту жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга даярдыгын текшерүү үчүн уюштурулуп жатканы айтылды.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Борбордук аянтта бардык күч түзүмдөрүнүн катышуусунда Бишкек гарнизонунун инструктажы өтөт. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Иш-чара бүгүн, 10-октябрда, саат 16:00дө болот.

Саптык тескеме күч түзүм бөлүктөрүнүн Бишкектеги коомдук коопсуздукту жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга даярдыгын, деги эле алардын кызмат өтөөгө камын текшерүү үчүн уюштурулуп жатканы айтылды.

Түндө аскер техникасынын Бишкекке кирип келген видеосу

Инструктаждын башында ички иштер министринин орун басары жана Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев болмокчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0