Кыргызстандагы коронавирус боюнча жаңы статистика

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкерлер ооруканада
Медициналык кызматкерлер ооруканада - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин коронавирус жуктургандардын көбү Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында катталып келсе, эми Бишкек шаарында жаңы учурлар көбөйүп жатат.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Өткөн суткада өлкөдө коронавирусту 130 бейтап жеңип, оору 307 кишиден аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Айыккандар:

  • Бишкек шаары – 16;
  • Ош шаары – 13;
  • Чүй облусу – 12;
  • Ош облусу – 31;
  • Нарын облусу – 14;
  • Талас облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 5;
  • Жалал-Абад облусу – 28;
  • Баткен облусу – 10.

Жуктургандар:

  • Бишкек шаары – 53;
  • Ош шаары – 17;
  • Чүй облусу – 16;
  • Ош облусу – 69;
  • Талас облусу – 7;
  • Нарын облусу – 3;
  • Ысык-Көл облусу – 12;
  • Жалал-Абад облусу – 59;
  • Баткен облусу – 71.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 48 924кө жетти. Анын ичинен 44 227 бейтап ооруну жеңсе, илдеттен 1 082 адам көз жумду.

Азыркы тапта 1 642 бейтап стационарда, ал эми 1 520 адам амбулатордук шартта дарыланып жатканы маалым болду.

Бишкек: жугуштуу илдеттер боюнча жаңы оорукана жакында ачылат. Сүрөт

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 14 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ал эми үй карантининен алты медициналык кызматкер чыгарылган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медиктердин арасында 3 393 учур катталды, алардын ичинен 3 081и айыгып чыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0