03:21 24 Жетинин айы 2020
Түз эфир
  • USD84.7968
  • EUR100.7047
  • RUB1.1193
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар (466)
134 0 0

Шаар башчысы 5-9-октябрдагы башаламандык маалында талкаланган объектилерди карап чыкты. Чыгымдын жалпы суммасы 17 миллион сом болду.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Бишкектин мэри Азиз Суракматов шаарды кайтарууга алган тургундарга ыраазычылык билдирди.

  • Мэр Бишкек Азиз Суракматов вместе с вице-мэром по вопросам ЖКХ Алымбеком Абдылдаевым и руководителями городских служб обошли пострадавшие улицы и кварталы, предварительно подсчитали ущерб
    Бишкектин мэри Азиз Суракматов шаарды кайтарууга алган тургундарга ыраазычылык билдирди
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Мэр Бишкек Азиз Суракматов вместе с вице-мэром по вопросам ЖКХ Алымбеком Абдылдаевым и руководителями городских служб обошли пострадавшие улицы и кварталы, предварительно подсчитали ущерб
    Бүгүн Суракматов мэриядагы командасы менен 5-9-октябрда талкаланган объектилерди кыдырып чыкты
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Мэр Бишкек Азиз Суракматов вместе с вице-мэром по вопросам ЖКХ Алымбеком Абдылдаевым и руководителями городских служб обошли пострадавшие улицы и кварталы, предварительно подсчитали ущерб
    Болжолдуу эсеп боюнча келтирилген чыгымдын суммасы 17 миллион сомду түзгөн
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Мэр Бишкек Азиз Суракматов вместе с вице-мэром по вопросам ЖКХ Алымбеком Абдылдаевым и руководителями городских служб обошли пострадавшие улицы и кварталы, предварительно подсчитали ущерб
    Мэр белгилегендей, шаарга кайдыгер карабаган жарандар болбогондо аталган сумма мындан да көп болуп калышы мүмкүн эле.
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
1 / 4
© пресс-служба мэрии города Бишкек
Бишкектин мэри Азиз Суракматов шаарды кайтарууга алган тургундарга ыраазычылык билдирди

Бүгүн Суракматов мэриядагы командасы менен 5-9-октябрда талкаланган объектилерди кыдырып чыкты. Болжолдуу эсеп боюнча келтирилген чыгымдын суммасы 17 миллион сомду түзгөн. Мэр белгилегендей, шаарга кайдыгер карабаган жарандар болбогондо аталган сумма мындан да көп болуп калышы мүмкүн эле.

“Жөнөкөй эле балдар өз эрки менен чыгып, топторду түзүү менен шаарды коргошту”, — деди Суракматов.

Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар

Бишкекте 5-октябрь күнү парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл митингге чыккан. Кечинде Ак үйдү алууга жасалган аракеттерден улам милиция менен митингчилердин ортосунда кагылыш болуп, миңден ашык адам жабыркап, бирөө каза болгон. Түндө митингчилер парламенттин имаратын басып алып, андан кийин Алмазбек Атамбаевди, Садыр Жапаровду жана башка абактагы саясатчыларды бошотушкан.

6-октябрда БШК шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. Кечинде бир катар парламентарийлер премьер-министр кызматына Садыр Жапаровдун талапкерлигин көрсөтүшкөн.

Мамрезиденцияга жакын жерде аскер техникасы жайгаштырылып жатат. Сүрөт

7-октябрда мамлекеттик ишканалар менен компанияларды басып алуу аракеттери болду. Нааразычылык акциялары уланып, курчуп дагы кетти. Митингчилердин айрымдары Жапаровду премьер-министр кылыш керек десе, экинчилери эски аткаминерлерди люстрациялоону талап кылып жатышат.
8-октябрда президент Сооронбай Жээнбековго депутаттардын кайсы бир бөлүгү импичмент жарыялоо процедурасын баштагандыгы маалым болду.

9-октябрда төрт партиянын өкүлдөрү өкмөт башчылыкка Өмүрбек Бабановду көрсөтүштү. Анын тарапташтары Атамбаевди колдогон митингчилерге кошулган. Аянтка уюшкан кылмыштуу топторго каршы чыккандар да келип кошулушту. Кийин митингчилер менен Жапаровдун тарапташтарынын ортосунда кагылыш болуп, Атамбаевдин унаасына ок атылган.

Тема:
Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар (466)

Тема боюнча

Депутаттар чогулчу "Ала-Арча" резиденциясынын айланасындагы абал. Видео
"Ала-Тоо" аянтына аскер унаалары келе баштады. Сүрөт
Белгилер:
чыгым, мэр, Бишкек, Азиз Суракматов

ЭҢ МААНИЛҮҮ