Ооруканадагы Тилек Токтогазиев менен жан сакчынын абалы айтылды

© Sputnik / Михаил Дудин"Ата Мекен" партиясынын мүчөсү Тилек Токтогазиев
Ата Мекен партиясынын мүчөсү Тилек Токтогазиев  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин "Ала-Тоо" аянтында саясатчылардын тарапташтары кагылышып, Токтогазиев менен Темир Сариевдин жан сакчысы жаракат алган видеолор тараган.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги Бишкектеги митингде жаракат алган "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү Тилек Токтогазиев менен саясатчы Темир Сариевдин жан сакчысынын абалы тууралуу маалымат берди.

Эске сала кетсек, "Ала-Тоо" аянтында саясатчылардын тарапташтарынын кагылышынан улам Токтогазиев менен Сариевдин жан сакчысы жаракат алган видеолор тараган.

Бир аздан кийин Саламаттык сактоо министрлиги Улуттук госпиталга беш киши кайрылганын билдирген. Үчөөнүн абалы орточо оор болсо, экөө амбулатордук түрдө дарылана баштаган.

Аянтка митингге чыккандардын массалык кагылышуусу. Видео

Министрликтин маалымат кызматынын билдиришинче, учурда ооруканада партиянын өкүлү менен жан сакчы гана калды.

"Экөө тең башынан жаракат алып, мээси чайкалган. Токтогазиевдин башына таш тийсе, жан сакчыны токмоктоп кетишкен. Абалдары орточо оор", — деп айтылат маалыматта.

Бүгүн кечке жуук "Форум" мекемесинин алдында чогулуп турган мурдагы президент Атамбаев менен "Республика" партиясынын негиздөөчүсү Өмүрбек Бабановдун тарапташтары "Ала-Тоо" аянтына келишкен. Саясатчылар эл алдына чыгып сүйлөп жатканда эски аянттан Садыр Жапаровдун тарапташтары келген. Алгач биринчи тарап Садыр Жапаровдун колдоочуларын сүрүп чыгарууга аракет кылып, кийин эки жактан тең таш ыргытылып, ызы-чуу башталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0