ИИМ: Бишкекте өзгөчө абал режими 10-октябрдан тарта күчүнө кирет

© Sputnik / Тимур Батыршин / Медиабанкка өтүүТекшерүү пунктундагы аскер. Архив
Текшерүү пунктундагы аскер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эске сала кетсек, 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор эртеси Бишкекте митингге чыккан. Ошондон бери арты-артынан уланган акциялар токтой элек.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Бишкекте өзгөчө абал режими 10-октябрдан тарта күчүнө кирет. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Эскерте кетсек, бүгүн мамлекет башчы борбор калаага 21-октябрга чейин өзгөчө абал киргизүү боюнча жарлыкка кол койгон.

"Министрлик Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө абал режими 10-октябрдан тарта башталарын билдирет. Шаардын коменданты болуп Алмазбек Орозалиев дайындалды", — деп айтылат билдирүүдө.

Эске сала кетсек, 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор эртеси Бишкекте митингге чыккан. Ошондон бери арты-артынан уланган акциялар токтой элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0