Бишкекте өзгөчө абал бүгүн саат 20:00дөн тарта күчүнө кирет

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOАкскерди кызматкер блокпостто. Архив
Акскерди кызматкер блокпостто. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн борбор калаага 21-октябрга чейин өзгөчө абал киргизүү боюнча жарлыкка кол койду.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Бишкекте өзгөчө абал бүгүн, 9-октябрь, саат 20:00дөн тарта күчүнө кирет. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Эскерте кетсек, бүгүн мамлекет башчы борбор калаага 21-октябрга чейин өзгөчө абал киргизүү боюнча жарлыкка кол койгон.

Жээнбеков Бишкекке армия менен аскер техникасын киргизүүнү тапшырды

"Өзгөчө абал тууралуу" мыйзамдын 4-беренесине ылайык, президент социалдык мүнөздөгү кризистик кырдаалдар болгон учурда жарандардын коопсуздугун камсыздоо же конституциялык кызыкчылыгын коргоо максатында өзгөчө абал киргизилиши мүмкүндүгү туурасында алдын ала кабарлайт. Ал эми өзгөчө абал айрым жерлерге алдын ала жарыяланбай эле киргизиле тургандыгын Жогорку Кеңеш токтоосуз билдирет.

"Өзгөчө абал тууралуу" мыйзамдын 9-беренесине ылайык, Жогорку Кеңеш өзүнүн токтому менен үч күндөн кем эмес аралыкта президенттин өлкөнүн айрым аймактарына өзгөчө абал киргизүү же аны алып салуу тууралуу жарлыгын бекитет. Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Эске сала кетсек, 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор эртеси Бишкекте митингге чыккан. Ошондон бери арты-артынан уланган нааразычылыктар токтой элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0